http://www.ktrk.kg/Аламүдүн районундагы Маевка айылынын 10 миң тургуну таза суу менен камсыз болду

Аламүдүн районундагы Маевка айылынын 10 миң тургуну таза суу менен камсыз болду

4 Нояб , 22:00 76

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аламүдүн районундагы Маевка айылынын 10 миң тургуну таза суу менен камсыз болду. Жаңы кудукту ишке киргизүү аземине жергиликтүү эл, бийлик өкүлдөрү катышты. Суу 300 метр тереңдиктен казылып чыгарылды. Буга чейин айылда эки ирет скважина казылган. Бирок андагы суудан хромдун курамы табылып, алар жабылган эле. Жаңы бургуланган скважина ишке кирип, көптөн күткөн таза суу чыгып, жергиликтүү элдин кубанычында чек жок. Скважинадагы суу түтүккө келип кошулат. Жакын арада таза суу менен Маевка айылынын 2600 турак жайы жана чөлкөмдөгү бардык социалдык объектилер камсыз болот. 

Былтыр бул айылдын эки скважинасынан чыккан суунун курамынан - хром, литий жана бром элементтеринин аралашмалары табылып, ал сууну колдонууга тыюу салынган. Айыл шаардык суу каналына кошулганы менен, таза суу маселеси толук чечилген эмес. Кувейт фондунун жардамы менен таза суу чыгарууга алты жарым миллион сом бөлүнгөн. 2020-2021-жылдары Маевка айылында суу түтүктөрү толугу менен оңдолот. Бул тутум өткөн кылымдын 60-жылдары салынып, эксилиги жеткен. Жаңы скважинанын ачылышы менен суу ар бир түтүнгө киргизилип, суу эсептегичтер орнотулат. 




Новости по дате