http://www.ktrk.kg/Президент Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады

Президент Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады

7 Нояб , 12:47 57

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. 

"Маалымат - коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү. Коомдун ачыктыгын, мамлекеттик чечимдердин айкындыгын, жарандарыбыздын объективдүү маалыматка болгон муктаждыгын камсыз кылууда маалымат каражаттарынын ролу эбегейсиз жогорулады. Сиздер өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыңарды кошуп жатасыңар. Кыргыз журналистикасына артылган милдетти ишенимдүү аткарып келесиздер. Сөз эркиндиги - өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири. Эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат. Мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар тараптуу болууну каалайм. Өлкөбүздөгү туруктуулукту, тынчтыкты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоо - ар бирибиздин ыйык парзыбыз. Сиздердин мекенчилдик позицияңыздарга, жогорку чыгармачыл дарамет менен жасаган ишиңиздерге ыраазылык билдирем. Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!" - деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Новости по дате