http://www.ktrk.kg/Бүгүнкү кыргыз журналистикасы

Бүгүнкү кыргыз журналистикасы

7 Нояб , 20:50 84

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги алдыда. Медиа эксперттер эркиндикти жоопкерчилик да коштоп, жалган маалыматтарга бирге каршы туруу керек экенин белгилеп келишет. Интернет кеңири колдонулуп, социалдык тармактардын мааниси жогорулап жаткан шартта, маалыматтарды электен өткөрүү зарылдыгы турат.


Маалымат таратуунун, журналистиканын дүйнөгө таандык жетишкендиктери менен терс көрүнүштөрү Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Маалымат технологиясы өнүгүп жаткан шартта калкка кабар жеткирүү ыкчамдады. Кайсы бир окуяны коомчулуктан жашыруу мүмкүн эмес. Бирок интернеттин кулачы кеңири жайылган шартта жалганга каршы күрөшүүнүн да мааниси артып жатат.

Айрым адистер интернеттин кулачы кеңейип, социалдык тармактар салттуу журналистика менен тең тайлашып жатканын белгилешет. Бирок бул окурман менен көрүүчүнүн табитинен көз каранды.

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кабарды калкка ыкчам жеткирип, өзү эмгектенген мекеменин аброюн арттырууга аракет көрөт. Анткен менен мамлекеттеги маалыматтык коопсуздук да эстен чыгарылбашы керек.



Новости по дате