http://www.ktrk.kg/Баткен: чек арадагы Максат айылына кошумча жер берилет

Баткен: чек арадагы Максат айылына кошумча жер берилет

8 Нояб , 13:26 82

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тажикстан менен чек араны бекемдөө максатында 1996-жылы уюшулган Максат айылында кошумча 1800 гектар жаңы жерди өздөштүрүү үчүн казынадан каражат бөлүнөт. 

Андан тышкары Дүйнөлүк банктан да жардам алынары күтүлүүдө. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 1 млрд 900 млн сомдук долбоор 2020-жылы башталат. 

Ал төрт этаптан турат, 2026-жылга чейин бүткөрүү пландалган. 1996-жылы Тажикстан менен чек араны бекемдөө үчүн боз талаага алтымыштай үй курулуп, башка аймактан эл көчүп келген.


Новости по дате