http://www.ktrk.kg/Долон ашуусундагы жолчуларды ким ойлойт?

Долон ашуусундагы жолчуларды ким ойлойт?

11 Нояб , 15:44 215

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусунун Долон ашуусундагы унаа жолунда кышка даярдык жүрүп жатат. Бирок эч кандай техниканын жардамысыз кол менен иштеп жаткан кызматкерлерди көрүүгө болот. Видео жөнөткөн автордун айтымында, Долон ашуусуна кышка даярдык жүрүп жатат, атайын техниканын жардамы аркылуу кум шагыл төгүлмөк, бирок кандайдыр бир себептерден, тоонун боорунан кол менен калактап казып, жол кызматкерлер чогултуп жатат. Айлыктары болгону 6000 миң сом. Жылына турган жерлеринде эч кандай шарт жок. Өкмөт көңүл буруп, техника бөлдүрүп берип койсо, - дейт. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате