http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда жашыл экономикага өткөн бизнес-түзүмдөрдүн так саны жок

Кыргызстанда жашыл экономикага өткөн бизнес-түзүмдөрдүн так саны жок

11 Нояб , 21:22 162

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бирок жеке бизнес жаратылыш ресурстарын үнөмдүү колдонууга жардам берген технологияларды киргизген учурлар кездешүүдө. 

Бизнес адистердин айтымында жашыл экономиканы жайылтуу үчүн мамлекеттин колдоосу керек. Ал эми бийлик өкүлдөрү бул тармакта иш жүрүп жатканын белгилеп, атайын программа иштелип чыкканын айтат. 

Бул Бишкектеги чакан мейманканалардын бири. Бир жарым жыл мурда үнөмдүү технологияларды киргизген. Натыйжа шыр эле сезиле баштады. Кадимки отун жаккан мейманканалардан айырмаланып, энергияга 5-6 эсе аз акча сарптаганын айтат. 

Мейманкананын ээси энергияны эки табигый жол менен алууда. Биринчиси күн батареяларынан, экинчиси - абадан. Эки жабдуунун баасы кымбат турганы менен келечекте чоң утушка ээ болот. Анын үстүнө, жаратылышка зыяны жок. 




Новости по дате