http://www.ktrk.kg/Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин президенттери келет

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин президенттери келет

12 Нояб , 11:28 80

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

28-ноябрда Кыргызстанга Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмуна ЖККУ мүчө өлкөлөрдүн президенттери келет. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

11-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алып, алдыдагы Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин сапарына жана ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына карата даярдыктар тууралуу маалыматтарды укту.

Казакстан президентинин сапары 27-ноябрга белгиленген. 28-ноябрда Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикстан мамлекет башчыларынын жана Армения премьер-министринин катышуусунда Жамааттык коопсуздук Кеңешинин жыйыны өтөт.

ЖККУ 1992-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Армения жана Беларус мүчө.

Новости по дате