
"Жерүй" алтын кенинде тоонун боору - иштетүү үчүн жардырылды
12 Нояб , 22:18
155
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Таластагы "Жерүй" алтын кенинде тоонун боору - иштетүү үчүн жардырылды. Адистердин айтымында, кендин ишке берилиши өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө, жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорду тартууга чоң өбөлгө түзөт. Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы дагы бир ири долбоор бүгүн ишке киришти. "Жерүй" алтын кенинде кен божомолдонгон тоонун боорунда жардыруу орун алды. Тарыхый окуя катары сыпатталган бул иш-чарага жергиликтүү аксакалдар, тиешелүү адистер, бийлик өкүлдөрү катышты.