http://www.ktrk.kg/Өзгөн: сууну ысырап кылбайлы...

Өзгөн: сууну ысырап кылбайлы...

13 Нояб , 15:25 102

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөн шаарындагы Манас көчөсүндөгү №32, 74  көп кабатуу үйлөрдүн алдында суу түтүгү тынымсыз, шаркырап талаага агып жатканын көрүп ачууланган автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. 

Суу өмүрдүн булагы деген сөз бар эзелтен. Өлкөбүздөгү канча деген аймактарыбызда, айылдарыбызда таза сууга зар болуп жашап келген мекендештерибиз бар. Ал эми бул Манас көчөсүндө көп кабатуу үйлөрдүн алдындагы суу түтүгүнөн агып турган суу, суу чарба ишканасынын жана жашоочулардын өзүлөрүнүн да шалаакылыгынан, жылдап, айлап, ысырап болуп талаага агып турганын көрүп зээниң кейит. Бул деген канчалаган чыгым, бир куб сууну тазалаш үчүн мамлекет канча каражат сарптайт. Кайдыгер мамиледен тонналаган таза суу жерге агып турат. Тийешелүү органдарга кайрылат элем, мындай нерселерге чара колдонуп, мамлекетибизге чыгым келтирүүнү токтотуп, сууну үнөмдүү пайдаланалы. Бул жерге атайын жаап ачыла турган сапаттуу түтүк орнотуп койсо,- деген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате