http://www.ktrk.kg/ Бишкекте "Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү" форуму өтүп жатат

Бишкекте "Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү" форуму өтүп жатат

19 Нояб , 11:27 152

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук конференция өтүп жатат. Анын ишине Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Форумдун максаты - өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өлкөнүн милдеттери, реформалар, жетишкендиктер жана артыкчылыктары боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу болуп саналат. Белгилей кетсек, форумду өткөрүү 2018-жылдын 1-ноябрында Сооронбай Жээнбековдун донорлор менен жолугушуусунда макулдашылган.

Конференцияга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулоого катыша турган 25 эл аралык уюмдан жана 10 өлкөдөн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр чакырылган.


Новости по дате