http://www.ktrk.kg/Комиссия Кой-Таш боюнча бүтүмүн парламентке жиберди

Комиссия Кой-Таш боюнча бүтүмүн парламентке жиберди

21 Нояб 2019 , 12:41 162

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын бүтүмү Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү менен жолукту. Ал комиссиянын алкагында жүргүзүлгөн иштер жемиштүү болгонун белгилеп, ыраазычылык билдирди.

«Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштары талкууланып, окуялардын бардык жагдайларын иликтөө ар тараптуу жана комплекстүү жүргүзүлдү», - деди Вице-премьер-министр. Документке комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшкан. Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер курамына кирген комиссия түзүлгөндөн бери мүчөлөрү калыс жана адилет тыянак чыгаруу максатында, бардык кызыкдар тараптар менен талкуу өткөрүштү. 

Мамлекеттик комиссиянын ишинин алкагында 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал тууралуу Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле Аламүдүн районунун жашоочулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, маалыматтар алынган. 

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү тургундар менен жолугушуу өткөрүү максатында Кой-Таш айылына да барышты. Анын алкагында алар 7-8-августта болгон окуялардын учурунда жабыркагандар тууралуу маалыматтар менен таанышып, бир катар объекттерди көрүп чыгышты.




Новости по дате