http://www.ktrk.kg/Өкмөт кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатты

Өкмөт кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатты

21 Нояб 2019 , 17:07 320

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөт кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатты. Ага ылайык, кепилденген киреше 900дөн 1000 сомго чейин жогорулады. Тийиштүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Чечим 2019-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет. Кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү акыркы жолу 2016-жылы көтөрүлгөн жана бир нече жылдан бери 900 сом деңгээлинде кармалып турган. Кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатуу жөлөк пул менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарды камтууну жакшыртат.


Новости по дате