http://www.ktrk.kg/Аймактардагы инвестициялык 30 долбоорду каржылоо үчүн каражат бөлүндү

Аймактардагы инвестициялык 30 долбоорду каржылоо үчүн каражат бөлүндү

22 Нояб 2019 , 13:02 277

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөт аймактардагы инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн каражат бөлдү. Комиссия тарабанын жактырылган 30 долбоор аймактарды өнүктүрүүгө cалым кошот. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев инвестициялык бизнес- долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча комиссия тарабынан жактырылган долбоорлорду талкуулоо боюнча өткөн жыйында билдирди. Бүгүнкү күнү аймактардан 94 бизнес-долбоор түшкөн, алардын ичинде Комиссия тарабынан 538,3 млн. сом суммасына 30у жактырылган.

Долбоорлордун басымдуу бөлүгү айыл чарба багытында, кайра иштетүү, туризм, коммуникация, саламаттык сактоо, кен иштетүү тармактарындагы долбоорлор бар. Өкмөт башчы жеңилдетилген насыяларды берүү мөөнөттөрүнө жана пайыздык коюмдарга көңүл бурдурду. 

«Бир долбоордун суммасы 30 млн. сомдон ашпашы керек. Бул каражаттар чакан жана орто бизнести колдоого арналган. Насыянын мөөнөтү 5 жылдан жогору болбоого тийиш. Бул мезгилде насыяны төлөп бүтүүгө болот. Анткени долбоор боюнча пайыздык коюмдар коммерциялык банктар тарабынан бизнести өнүктүрүүгө берилген насыяларга караганда төмөн», - деп белгиледи Премьер-министр.

Долбоорлордун басымдуу бөлүгү айыл чарба багытында, кайра иштетүү, туризм, коммуникация, саламаттык сактоо, кен иштетүү тармактарындагы долбоорлор да бар. Өкмөт башчы жеңилдетилген насыяларды берүү мөөнөттөрүнө жана пайыздык коюмдарга көңүл бурдурду. 

«Бир долбоордун суммасы 30 млн сомдон ашпашы керек. Бул каражаттар чакан жана орто бизнести колдоого арналган. Насыянын мөөнөтү 5 жылдан жогору болбоого тийиш. Бул мезгилде насыяны төлөп бүтүүгө болот. Анткени долбоор боюнча пайыздык коюмдар коммерциялык банктар тарабынан бизнести өнүктүрүүгө берилген насыяларга караганда төмөн», - деп белгиледи премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Долбоорлордун басымдуу бөлүгү айыл чарба багытында, кайра иштетүү, туризм, коммуникация, саламаттык сактоо, кен иштетүү тармактарындагы долбоорлор да бар. Өкмөт башчы жеңилдетилген насыяларды берүү мөөнөттөрүнө жана пайыздык коюмдарга көңүл бурдурду. 


Новости по дате