http://www.ktrk.kg/ЖККУ саммитин 250дөн ашуун журналисттер чагылдырды

ЖККУ саммитин 250дөн ашуун журналисттер чагылдырды

28 Нояб 2019 , 17:21 421

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн кезектеги сессиясынын ишин 250дөн ашуун чет өлкөлүк жана жергиликтүү журналисттер чагылдырды. Алар Россия, Беларусь, Армения, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын 80дей жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү. Журналисттер үчүн басма сөз борбору уюштурулган. Саммиттин жүрүшүн Коомдук телерадиоберүүлөр корпорациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалы түз алып көрсөттү. Чет элдик 43 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 135 өкүлү жана жергиликтүү 34 массалык маалымат каражаттарынын 130 журналисти каттоодон өткөн.

Ооганстандагы кырдаал улам оорлошуп, олуттуу коркунучтар жаралып жаткан шартта Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мааниси артып баратат. Муну ЖККУга мүчө ар бир өлкөнүн жарандары сезип жатат. Дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө, террордук уюмдар тарабынан жаралган коркунучтарга каршы күрөшүүдө өнөктөш өлкөлөрдүн кызматташтыгы жанданып жатат.
Жыйындын жүрүшүндө коопсуздукка байланышкан жыйырмадай документтерге кол коюлду.

 

Новости по дате