http://www.ktrk.kg/Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү онлайнда

Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү онлайнда

4 Дек 2019 , 9:33 728

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү онлайн режиминде колдонуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Интернетте кыргыз тилинин фразеологилык сөздүгү пайда болду. Бул КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы кыргыз тил жана адабият институту менен “Эл-Сөздүк” онлайн сөздүгүнүн биргелешкен долбоору. Фразеологизмдердин онлайн сөздүгү, кыргыз тил институту  2015-ж. чыгарган “Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү” негизинде түзүлгөн. Сөздүктө фразеологизмдердин чечмелениши көркөм адабияттан жана мезгилдүү басма сөздөн алынган мисалдар менен коштолот.

“Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү” өнөктөштүктүн алгачкы эле кадамы. Кыргыз тил институтунун башчысы, профессор Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен жакынкы учурда Эл-Сөздүктүн базасы “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү”, “ ”Манас” эпосунун сөздүгү”, “Синонимдер сөздүгү”, “Антонимдер сөздүгү” ж.б. кыргыз тил инсититу түзгөн актуалдуу сөздүктөр толукталып, кыргыз тил күйөрмандарын кубантып турмакчы.

Эл-Сөздүк сөздүгүндө пайдаланылган сөздүктөрдүн тизмеси.

Новости по дате