http://www.ktrk.kg/Кыргызстандыктар жаңы жылдык майрамдан кийин 7 күн эс алат

Кыргызстандыктар жаңы жылдык майрамдан кийин 7 күн эс алат

5 Дек 2019 , 14:15 972

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандыктар жаңы жылдык майрамдан кийин 7 күн эс алат. Өкмөт 2020-жылы дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында «2020-жылы дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу республиканын жарандары 1-январдан 7-январга чейин, ошондой эле 1нен 5-майга чейин май майрамдары учурунда эс алышат. 

Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору учурда министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу процедурасынан өтүүдө.

Новости по дате