http://www.ktrk.kg/ "Түндүк" системасына жеке компаниялар кошулууда

"Түндүк" системасына жеке компаниялар кошулууда

5 Дек 2019 , 21:50 504

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 

"Түндүк" системасына мамлекеттик органдар гана эмес, жеке компаниялар да кошулууда. Алар аталган тутум аркылуу салык төлөп, тиешелүү мекемелерге электрондук негизде отчёт тапшырып жатышат. 

Келечекте бардык ишканаларды "Түндүккө" кошуу максат кылынган. Ишкерликке зарыл болгон санарип технологиялары бүгүн Бишкекте өткөн бизнес форумда талкууланып, ага Кыргызстан, Казакстан жана орусиялык ишкерлер, адистер катышты.

 Мамлекеттик органдар менен ишкерлердин байланышын камсыз кылууда санарип технологияларын пайдалануу салыктан качууну жоюп, коррупциянын алдын алууга багытталган. Учурда бул ыкма банк тармагында кеңири колдонулуп жатат.





Новости по дате