http://www.ktrk.kg/Токмок шаары өнүгүү жолунда

Токмок шаары өнүгүү жолунда

6 Дек 2019 , 12:36 358

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Биргелешип көтөргөн жүк жеңил! “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылын утурлай, Токмок шаарынын бийлиги мамлекеттик казынаны гана акмалап отурбастан, жергиликтүү жана эл аралык демөөрчү булактардын колдоосу менен бир нече социалдык объектилердин курулушун баштаган. Алды колдонууга берилейин деп турса, айрымдарында курулуш кызуу жүрүүдө.

Алдыда кычыраган кыштын күтүп турганына карабай, шаардын борборундагы мектептин курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Ал колдонууга берилсе, 200 бала ушул жерден билим алат. Билим уясынын өзгөчөлүгү окуучулар жатып окуса да болот. Эң негизгиси бул жерде аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн, социалдык коргоого алынган ата-энелердин балдары тарбияланат.

Ал эми санариптешүү саясатын улай калаадагы мектептер да электрондошууну колго алган. Окуучулар үчүн электрондук китепкана уюштурулуп, балдар каалаган китебин кол телефонго көчүруп алышса болот. Окуу класттары да заманбап техника менен жабдылып, интерактивдүү такталар орнотулган.

Аны менен бирге шаар аймагында жаңы төрөт үйү курулууда. Каржылык колдоону чет элдик демөөрчү уюмдар көрсөтүүдө. Мурдагы төрөт үйү студенттердин типтүү жатаканасын кайра куруу жолу менен салынгандыктан, бейтаптарга, жаңы төрөгөндөргө ыңгайсыздык жаратып келген. Курулуш иштери аяктаса жаңы төрөткана шаар бийлигинин карамагына өткөрүлүп берилет.

Шаар башчы белгилегендей негизги басым социалдык объектилердин курулушуна жасалууда. Мектеп, бала бакча, оорукана, таза суу сындуу калк турмушуна зарыл болгон объектилер оңдолуп, туздөлүп, айрымдары жаңыдан салынып жатат.

Новости по дате