http://www.ktrk.kg/“Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” жолунун  35 чакырымын бүткөрүү тапшырмасы берилди

“Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” жолунун 35 чакырымын бүткөрүү тапшырмасы берилди

17 Май 2016 , 9:36 884

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбеков “Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” жолунун  35 чакырымын сентябрь айына чейин бүткөрүү тапшырмасын берди. Узундугу 104 чакырымды түзгөн жолдун 35 чакырымы – Тамчы аэропортунан башталып, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга чейинки аралыкты камтыйт. Ал эми долбоордун жалпы суммасы – 2,6 млрд сом. Анын 100 млн сому бөлүнүп, дагы 500 млн сом каражат бөлүү маселеси 16-майда, Жогорку Кеңештин тиешелүү тармактык комитети тарабынан колдоого алынды. Ал арада  Балыкчы – Корумду жолунун курулушу жанданганы айтылууда.

Эмирлан Тогузаков өзүнүн бригадасы менен жолдорду оңдоо иштерине көп жылдардан бери катышып келет. Бул ирет ал жумушчулары менен курулушу үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына белгилеген «Бишкек-Манас» аэропорту жолун бетондоо иштерине киришкен.

 «Бишкек-Манас» аэропорту жолунан сырткары быйыл бир катар стратегиялык маанидеги жолдорду оңдоп түздөө планга киргизилген. Жолдорду куруу жана оңдоо иштери мамлекеттин негизги максаттарынын катарына кирип, ал Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында дагы каралган. Соңку  жылдары автомобиль жолдорун курууга жана реконструкциялоого миллиарддаган каражаттар жумшалууда. Стратегияга ылайык,  жыл сайын 300 чакырым жолду калыбына келтирүүгө жана 150 чакырымдан кем эмес жаңы асфальт жолдорду куруу планы белгиленген. Андыктан  Кыргызстан туюк өлкөдөн транзиттик мамлекетке айланып жатканын айткан  транспорт министринин орун басары Эркин Осоев: 

“Кыргызстан  бир катар стратегиялык жолдорду куруу менен транзиттик өлкөгө айланууда. Жол  Балыкчыдан башталып, жумгал району аркылуу Жалал-Абадка чейин кетет.Түндүк  менен түштүктү бириктирүүчү альтернативдүү жолдун курулушу Нарындан  Жалал-Абадга 4 сааттын ичинде жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт жана бул жол  экономикабызды өнүктүрүүгө салымын кошот”.

Азыркы тапта  өлкөдөгү жолдорду оңдоо, куруу долбоорлорунун ичинен  өзгөчө көңүл “Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” жолунун курулушуна бурулууда. Анткени жолду калыбына келтирүү жумуштары туристтерге ыңгайсыздыктарды жаратып, азыр келген коноктор аталган  участокту айланып өтүп жатышат. Жол куруудагы жоопкерчилик тууралуу сөз кылган өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаровду кабыл алды. Жолугушууда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков быйыл өлкө үчүн маанилүү делген ири иш-чаралар өтөөрүн эске салып, биринчи кезекте үстүбуздөгү жылдын сентябрь айына чейин жолдун 35 чакырымын бүткөрүүнү тапшырды.

Ал арада Балыкчы – Корумду жолунун курулушу жанданып, Лон-Хай компаниясы жолду куруу иштерине киришкенин Транспорт министринин орун басары Эркин Осоев маалымдады:

“Жолду курулушун улантуу боюнча өкмөт 100 миллион сом бөлдү. Бул каражат жолду оңдоп жаткан компанияга которулуп, жолдун курулушу  жанданары күтүлүүдө.Учурда Карыж министрлиги бул багытта каражат бөлүү боюнча тиешелүү иштерди аткарууда”.

Узундугу 104 чакырымды түзгөн жолдун 35 чакырымы – Тамчы аэропортунан башталып, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга чейинки аралыкты камтыйт.Эске салсак, долбоордун жалпы суммасы – 2,6 млрд сом. Анын 100 млн сому бөлүнүп, дагы 500 млн сом каражат бөлүү маселеси  Жогорку Кеңештин тармактык комитети тарабынан колдоого алынды.Каржы  министрилиги билдиргендей, жакынкы убакытта аталган сумма жол куруу долбооруна бөлүнөт.

М.Абдраманова, “Биринчи  радио”

Новости по дате