http://www.ktrk.kg/Энергетика - өлкөнүн экономикасынын негизги

Энергетика - өлкөнүн экономикасынын негизги

9 Дек 2019 , 22:23 1356

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул багытта аткарылып жаткан иштер тармактын өнүгүшү үчүн гана эмес, адамдардын бакубаттыгы үчүн дагы шарттарды түзөт. Ар бир үйгө жарык менен жылуулуктун берилиши - бул өз ишин мыкты билген адистердин эмгеги.

Акылбек Бөлөков инженердик кесипти аркалаганына он жылдан ашты. Ал кесиптештери менен облус аймагындагы бир нече чоң кубаттулуктагы көмөк чордондорун алмаштырганга катышып, элге жарык жана жылуулук тартуулоо аракетинде. Жумуш оор бирок аны билдирбегенге аракет кылат. Тыныгууларын да жөн өткөрбөйт. 

Энергетик кесиптештерине ал катардагы инженер эле эмес балбан дагы. Анткени Акылбек көптөгөн таймаштарда оор атлетика менен таанылып, Каракол шаарындагы мекемелер аралык мелдештерде жеңүүчү аталган. Жумуштан сырткаркы учурунда ар бир колуна жүз жолудан гиря көтөрүп, машыгуусун кесиптештери кубаттап турат.

Албетте бул иштердин артында энергетиктердин чоң эмгеги турат. Анын натыйжасында бүгүнкү күндө өлкөнүн коңшу мамлекеттерден энергетикага болгон көз карандылыгы жоюлду. Бирок алдыда дагы көп жумуш бар. Анткени союз маалынан бери иштеп келе жаткан жабдыктардын жедеп эскилиги жеткен. Быйыл Ысык-Көл жана Нарын облустарын электр энергиясы менен камсыз кылган “Чыгышэлектр” ишканасы быйылкы кышка карата камылгасын аяктаган. 

Энергетиктер эки облус аймагындагы тогуз жүз жыйырма чакырым электр зымдарын толук ремонттон өткөрүштү. Кошумча беш жүз жыйырма сегиз ар кандай кубаттуулуктагы көмөк чордондору утурумдук оңдоодон өткөрүлдү. Ал эми мурда кубаттулугу жетпей жаткан тилкелерге отуз жети көмөк чордон жаңы коюлду. 




Новости по дате