http://www.ktrk.kg/Мамлекет тарабынан кепилденген укуктук жардамдын калкка жеткиликтүүлүгү кандай?

Мамлекет тарабынан кепилденген укуктук жардамдын калкка жеткиликтүүлүгү кандай?

10 Дек 2019 , 23:48 303

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дал ушул адам укуктарын коргоо максатында мамлекет тарабынан калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү колго алынган. Аны координациялоо Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлүп, бейөкмөт уюмдардын улуттук түйүнү көмөк көрсөтүүдө. 10-декабрь адам укугун коргоонун эл аралык күнүндө жергиликтүү бийлик органдарына акысыз укуктук жардамга байланыштуу мыйзамдардын талаптары түшүндүрүлдү.



Мамлекет тарабынан кепилденген укуктук жардамдын калкка жеткиликтүүлүгүн арттырууда жергиликтүү бийлик органдарынын да салымы болушу керек. Райондук, облустук администрациялардын имаратында Юстиция министрлигинин атайын кеңселери иштеп, анда жардамга муктаж бардык жарандарга акысыз кеңеш берилет. 10-декабрь адам укугун коргоонун эл аралык күнүнө карата бейөкмөт уюмдардын улуттук түйүнү жергиликтүү администрациялардын жамааты менен аталган мыйзамдын аткарылышын талкуулады.

Бул иш-чарага Акыйкатчы, Жогорку Кеңеш депутаттары, бир катар мекемелердин жетекчилери колдоо көрсөттү. Акысыз укуктук жардам тууралуу маалыматтык өнөктүк буга чейин да өткөрүлгөн. Ар жыл сайын уюштурулган иш-чара жергиликтүү бийлик эле эмес, жалпы калк арасында жүргүзүлөт. 


Бейөкмөт уюмдардын, мамлекеттик органдардын биргелешкен кызматташуусу Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча борбор тарабынан координацияланат. Тажрыйба көрсөткөндөй калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу зарылчылыгы бар.


Жалпы өлкө боюнча Юстиция министрлигинин калкка акысыз укуктук кеңеш берген 25 кеңсеси иштеп жатат. Алар жергиликтүү администрация имараттарында жайгашкан. Консультацияны дем алыштан башка бардык күндөрү ала алышат. Ал эми кирешеси аз, жактоочу жалдоого мүмкүнчүлүгү жок жарандарга көрсөтүлгөн адвокаттык кызматтын акысын мамлекет төлөп берет.




Новости по дате