http://www.ktrk.kg/Тышкы күчтөрдүн таасирине бөгөт коюлат

Тышкы күчтөрдүн таасирине бөгөт коюлат

17 Май 2016 , 16:31 1835

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекеттин маалыматтык коопсуздугуна тышкы күчтөрдүн таасири жогорулап жаткандыгына байланыштуу, Жогорку Кеңеш “Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Өзгөртүүлөр негизги эки беренеге киргизилип, ага ылайык маалымат каражаттарын түзүү жана каржылоо жактары жөнгө салынмакчы. 

Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү төрт депутат демилгелеген. Эки социал-демократ жана “Республика-Ата Журт” фракцияларынын өкүлдөрү. Өзгөртүүлөр эки беренеге киргизилет. Бешинчи беренеге ылайык, мындан ары массалык маалымат каражаттарын уюштуруу укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар, башка юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары гана ээ болот. 

 Уюштуруучу болуп чыга албагандар: 

- 18 жашы жете элек же соттун өкүмү боюнча жазасын өтөп жаткан же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган Кыргыз Республикасынын жараны;
- мурда массалык маалымат каражатынын уюштуруучусу катары чыгып, анын чыгарылышы соттун чечими менен токтотулган, массалык маалымат каражатын уюштуруучу жаран - соттун массалык маалымат каражатынын чыгарылышын токтотуу жөнүндө чечими күчүнө кирген күндөн тартып үч жыл бою;
- массалык маалымат каражатын өндүрүү жана чыгаруу менен байланышкан иш жүргүзүүгө укуктан белгиленген тартипте сот тарабынан ажыратылган жаран;
- мыйзамга ылайык сот тарабынан иштөөгө тыюу салынган саясий партия, коомдук бирикме;
- чет өлкөлүк юридикалык жак, башка мамлекеттин жараны же жарандыгы жок адам, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны. 

Ал эми мыйзамдын 3-беренесине ылайык, Кыргызстанда чет өлкөлүк юридикалык жактардын эсебинен массалык маалымат каражатын каржылоонун үлүшү каржылоонун жылдык көлөмүнүн жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. Мындай практика дүйнө мамлекеттеринин басымдуу бөлүгүндө пайдаланылат. Коңшу Казакстан, Россияда дагы буга багытталган мыйзам азыркы күндө иштеп жатат.
 

Медиа-эксперттердин пикиринде, Маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү убагы эбак эле бышып жеткен. Өлкөдө ММК жөнүндө мыйзам 92-жылдардын башында кабыл алынып, жана ал ар кандай цензураны “сындырууга” багытталган. Азыр маалымат технологиясы жүз жылдарга алдыга кетти, өлкөдө болсо тышкы башкарууда турган ондогон телеканалдар, гезит-басылмалар иштеп жатат.
 Мыйзам долбоору азыркы учурда коомдук талкууга гана чыгарылды. Өкмөт үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайыкташы керек. Адистер өзгөртүүлөрдүн артында өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун бекемдөө максаты жатат деп эсептешет.
 Эгер мыйзам кабыл алынса, ага кириптер болгон маалымат каражаттары бир жылдын ичинде белгиленген тартипте кайра каттоодон өтүүсү зарыл. Мыйзам талабын аткарбаган маалымат каражаттары сот тарабынан мажбурлап жоюлууга жатат.


Новости по дате