http://www.ktrk.kg/Өлкөдө 2025-жылдан баштап сот арачылар иштеп баштайт

Өлкөдө 2025-жылдан баштап сот арачылар иштеп баштайт

20 Дек 2019 , 10:17 1101

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул тууралуу Жогорку Кеңеште «Сот арачылар сотун киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда маалымдалды.

Демилгечилер «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» мыйзамды ишке киргизүү каражаттын жетишсиздигинен улам иштебей келе жаткандыгын белгилешип, аны 2025-жылдан тарта жүзөгө ашырууну сунушташты.

Талкуунун жүрүшүндө айрым эл өкүлдөрү сот реформасын ишке ашырууда өкмөттүн жасап жаткан иштеринде мүчүлүштүктөр бар экенин айтышса, кээ бир депутаттар учурдагы экономикалык абалды эске алуу менен сунушталган мыйзам долбоорун колдоо  зарылдыгын айтышты.

Сайпидин Султаналиев, "Биринчи радио"


Новости по дате