http://www.ktrk.kg/Бүгүн Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин күнү

Бүгүн Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин күнү

20 Дек 2019 , 13:36 392

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күн менен кесип ээлерин мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков куттуктады. “Урматтуу улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана ардагерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Коопсуздук органдарына өлкөдөгү туруктуулукту сактоо, чалгындоо, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, курал-жарактарды жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча жооптуу милдеттер жүктөлгөн. Коомубуздун бейпилдиги жана коопсуз жашоосу, адамдардын өз өлкөсүнүн келечегине ишеними – сиздердин эмгегиңиздерден көз каранды. Сиздердин чечкиндүү жана иш билги аракетиңиздер менен маанилүү мамлекеттик жана коомдук институттардын туруктуу иштөөсү камсыз болууда, өлкө жарандарынын тынчтыкта жаратмандык эмгек менен алектенүүсү үчүн шарт түзүлөт. Кесиптик майрам күнү коопсуздук органдарынын ардагерлерине өзгөчө ыраазылык билдиргим келет. Сиздердин өрнөктүү ишиңиздер жаш кызматкерлер үчүн ар дайым үлгү болуп кала берет. Коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин каармандыгы жана кесипкөйлүгү мындан ары да жарандарыбыздын бейпилдигинин кепилдиги катары кызмат кылаарына ишенем. Сиздерге чың ден соолук, бак-таалай жана Мекенибиздеги тынчтыкты бекемдөөгө арналган татаал кызматыңыздарда жаңы ийгиликтерди каалайм! - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Новости по дате