http://www.ktrk.kg/Кышында жайкы дөңгөлөк менен жүргөндөргө айып пул салуу сунушталууда

Кышында жайкы дөңгөлөк менен жүргөндөргө айып пул салуу сунушталууда

23 Дек 2019 , 17:41 320

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кышында жайкы дөңгөлөк менен жүргөндөргө айып пул салынуу сунушталууда. Узаган аптанын ишембисинде жааган кар Бишкектеги дөңгөлөк алмаштыруучу жайларда унаалардын узун кезегин жаратты. Кыштын алгачкы айы аяктап бара жатканына карабай, айрым айдоочулар али күнчө жайкы дөңгөлкөктөр менен жүрүшкөн. Мындан улам Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кышында жайкы дөңгөлөк менен жүргөндөргө айып пул салууну демилгелеп жатат.

"Азырынча демилге гана аны текшере турган органдар бар техосмотрдан өткөрө турган мекемелер бар. Ошолор менен сүйлөшүлүп жатат. Биринчи мыйзам кабыл алынсынчы",- дейт ЖКККББ өкүлү Тилек Оторов. 

Новости по дате