http://www.ktrk.kg/Жогорку окуу жайларда “Бирдиктүү терезе” тутуму ишке киргизилүүдө

Жогорку окуу жайларда “Бирдиктүү терезе” тутуму ишке киргизилүүдө

25 Дек 2019 , 9:38 387

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку окуу жайларында “Бирдиктүү терезе” тутуму ишке киргизилүүдө. Ага ылайык маалымкаттар, документтер автоматташтырылган. Студенттер аларды университеттин ар башка түзүмүнөн эмес, бир жерден гана алышат. Маселен окуу жайды бүткөнү тууралуу аныктаманы алууда 15-20 мүнөт гана убакыт кетет. “Бирдиктүү терезе” учурда Улуттук университетте, Медициналык академияда, Бишкек мамлекеттик университетинде жана Агрардык университетте бар.

“Окуу жайда окуп жатканы тууралуу маалым кат, башка окуу жайга которулганы тууралуу маалым кат же дагы башка маалым каттарды алууда кадрлар бөлүмүнө, деканатка баруунун кажети жок. Убара тарттырбай эле саналуу мүнөттөрдө эле маалым кат даяр болот. Бул “Санарип Кыргызстан” концепциясынын максаттарына шайкеш келет. Убара тарттырбай эле саналуу мүнөттөрдө эле маалым кат даяр болот. Бул “Санарип Кыргызстан” концепциясынын максаттарына шайкеш келет",- деди Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова. 

Новости по дате