http://www.ktrk.kg/Токой чарбасына караштуу 80 гектар токой аянтты корукка алынды

Токой чарбасына караштуу 80 гектар токой аянтты корукка алынды

30 Дек 2019 , 10:26 1017

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ат-Башы райондук токой чарбасына караштуу 80 гектар токой аянтты корукка алынды. Анын 60 гектары суу жээгиндеги өсүмдүктөр болсо, калганы тоо бетиндеги ийне жалбырактуу бактар. Мындан тышкары 22 гектар жерге карагайдын көчөттөрү тигилген. Чарбанын техникалык базасы чындалып, токойчулар керектүү делген жабдыктар жана унаалар менен камсыздалган. Райондук токой чарбасы бул иштерди Дүйнөлүк банктын колдоосу менен, 5 долбоордун негизинде ишке ашырууда. Учурда алгачкы каржылоо берилди. Долбоорлордун жалпы суммасы 500 миллион доллардан ашат.

Новости по дате