http://www.ktrk.kg/Адам укугун жана эркиндигин камсыз кылуу өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги максат

Адам укугун жана эркиндигин камсыз кылуу өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги максат

30 Дек 2019 , 16:50 1387

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Татыктуу жашоо шарттарды түзүү, эркиндикке жана инсандык кол тийбестикке, ошондой эле социалдык жактан коргоого кепилдик берүү аркылуу жарандардын абалын жакшыртууга багытталган адам укугун жана эркиндигин камсыз кылуу өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги максаттардын бири. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Өкмөткө караштуу Адам укугун коргоо боюнча координациялык кеңештин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында билдирди. Вице-премьер-министр Координациялык кеңештин аянтчасында 2019-жылы адам укугун коргоо чөйрөсүндө 20дан ашык маселе талкууланганын айтты.

«Кыргызстан тарабынан адам укуктары боюнча эл аралык ченемдерди аткаруу жөнүндө улуттук баяндамаларды сунуштоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган 2019-2021-жылдарга карата адам укуктары тууралуу иш аракеттердин планы жактырылды. Өлкө адам укуктары боюнча бардык негизги эл аралык келишимдердин катышуучусу катары мындан ары да Координациялык кеңештин ишмердүүлүгүнүн алкагында адам жана жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоону, адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыздоо механизмдерин жакшыртууну улантат», - деди Жеңиш Разаков.

Новости по дате