http://www.ktrk.kg/Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү ыктымал

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү ыктымал

30 Дек 2019 , 17:49 478

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн жана эртең Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. Туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана мал кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаа кыймылы татаалдайт. Мындан улам Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу, Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл экенин эскертти.

Новости по дате