http://www.ktrk.kg/Чүй проспектисинин бир бөлүгү 31-декабрь күнү кечинде жабылат

Чүй проспектисинин бир бөлүгү 31-декабрь күнү кечинде жабылат

31 Дек 2019 , 11:04 804

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

31-декабрь кечинде "Ала-Тоо" аянтында өтчү жаңы жылдык концертке байланыштуу Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат алтыдан түнкү саат он экиге чейин жабык болот.

"Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык концерт саат 20:00дө башталат. Мэриядан билдиришкендей, концерттик иш-чара белгилүү эстрада жылдыздарынын коштоосунда өтөт.


Новости по дате