http://www.ktrk.kg/Бишкектин көчөлөрүнө жаңы жол чырактар орнотулат

Бишкектин көчөлөрүнө жаңы жол чырактар орнотулат

9 Янв , 14:34 831

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы жол чырактарды орнотуу боюнча сынак жарыялады. Ага ылайык, жол чырактар шаардын 8 бөлүгүндө орнотулат. Алар Щербаков жана Орозбеков, Ауэзов жана Көлбаев, Садыгалиев жана Жамгырчинов, Дэн Сяопин жана Кустанай, Асаналиев жана Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишинде болот. 

Ошондой эле, Махатма Ганди көчөсүндөгү Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун алдында, «Улан – 2» кичи районундагы 7-апрель көчөсүндө, №4 кичи районундагы №17 мектептин алдында жол чырактар орнотулат. Тендерге катышуу үчүн арыздар 16-январга чейин кабыл алынат. Жаңы жол чырактарга 4 миллион 100 миң 488 сом каралган. Белгилей кетсек, Бишкектин көчөлөрүндө 2019-жылы унаа жана жөө жүргүнчүлөр үчүн 25 жол чырак орнотулган.

Новости по дате