http://www.ktrk.kg/Ысык-Көл облусунда турмушу начар балдарга жардам көрсөтүлдү

Ысык-Көл облусунда турмушу начар балдарга жардам көрсөтүлдү

13 Янв , 12:10 857

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда үй-бүлөлүк абалы, турмушу начар балдарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу райондук Эмгек жана социалдык жактан коргоо башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева билдирди.

Анда аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарга колдоо жылынын алкагында, жашоо-турмуштун оор кырдаалына кабылган балдарга психологиялык жактан жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары, балдарга ар кандай белектерди беришти. Ошондой эле үй-бүлөнүн жана балдардын зомбулуктан алдын алуу боюнча иш пландар каралып, аны ишке ашыруу боюнча кеңешме өттү. Бүгүнкү күндө Жети-Өгүз району боюнча фостердик 4 үй-бүлөдө 10 бала тарбияланууда.

Новости по дате