http://www.ktrk.kg/Жакында “Мектеп коопсуздугу” тиркемеси иштелип чыгат

Жакында “Мектеп коопсуздугу” тиркемеси иштелип чыгат

15 Янв , 22:07 519

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Санарип Кыргызстан” концепциясынын алкагында кибер коопсуздук боюнча 2019-2023-жылдарга карата стратегия кабыл алынган. Негизги максат - интернет айдыңында жарандардын өздүк маалыматын жана өлкөнүн кибер коопсуздугун камсыздоо. Дүйнөлүк желеде күнүнө миңдеген хакердик чабуулдар болуп турат. Бутага ар бир жаран, керек болсо бүтүндөй бир өлкө кабылышы мүмкүн. Кээ бир чабуулдар экономикалык кызыкчылыкты көздөсө, айрымдары саясий, геосаясий максатта жасалат.

Жакында “Мектеп коопсуздугу” тиркемеси иштелип чыгат. Аны ар бир ата-эне кол телефонуна көчүрүп алып, мектепке кеткен баласынын коопсуздугун, жолдо жүрүү маршрутун көзөмөлдөп турса болот. Эгер окуучу кырсыкка кабылса же бирөөлөр коркутуу аракетин жасаса дароо акылдуу телефону же колундагы акылдуу сааты менен ата- энеге белги берилет. Болуп жаткан окуя ата-энеге угулуп турат. Тиркемени атамекендик АйТи адистери иштеп чыккан.

Санариптешүүнүн алкагында электрондук кызмат көрсөтүү, интернет аркылуу банктык төлөмдөрдү аткаруу, өздүк маалыматтарды алмашуу адаттагы эле көрүнүшкө айланды. Маалыматтык технология өнүккөнү менен маалыматтык коопсуздук маселеси да күчөдү. Бүгүн Кыргызстанда 4 млнго жакын жарандын өздүк маалыматтары, биометрикалык мааламаттары электрондук форматта сакталат. Жарандырдын басымдуу бөлүгү акчаларын банктык эсептерде, банк карталарында кармашат. Электрондук капчык колдонгондордун саны да көбөйүүдө. Андыктан жарандардын кибер коопсуздугун камсыздоо учур талабы.

Заманбап санарип каражаттар жашообузду жеңилдеткени менен маселенин экинчи жагы да бар. Заманбап коркунучтар пайда болду. АйТи адистердин айтымында биздин өлкөгө карата стратегиялык мааниде зыян келтирүү максатын көздөгөн хакердик чабуулдар боло элек. Бирок, сактыкта кордук жок. Кибер коопсуздукту чыңдоо зарыл. Анткен менен, тармакта адистердин аздыгы көйгөй экенин айтышат.

Интернеттеги чабуулдар жеке адамдын маалыматын уурдоо максатында жасалышы мүмкүн, ошол эле учурда өлкө үчүн маанилүү болгон маалыматтарды алууга аракет кылышат. Андыктан кибер чабуулдарга ар бир жаран жана мамлекет даяр болушу керек. Өткөн жылы кабыл алынган стратегия дал ушул максатты көздөйт.

Дүйнөдө күнүнө миңдеген хакердик чабуулдар болот. Биздин өлкөнүн интернет коопсуздугуна зыян келтирген аракеттер болбойт деп эч ким кепилдик бербейт. Кибер коопсуздуктун сакталышы санариптешү саясатынын ийгиликтүү ишке ашуусунун негизги ачкычы. Жарандардын өздүк маалыматын коопсуз сактоо негизги милдет. Бул өңүттөн алганда кибер коопсуздукту камсыздоо боюнча тийиштүү мыйзамдар, документтер иштелип чыгууда. 



Новости по дате