http://www.ktrk.kg/Жарадар болгон ак илбирске кыргызстандыктар жардам көрсөтүүдө

Жарадар болгон ак илбирске кыргызстандыктар жардам көрсөтүүдө

17 Янв , 10:41 545

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Таластан табылып, «Бугу эне» реабилитациялык борборуна өткөрүлүп берилген ак илбирске кыргызстандыктар жардам көрсөтө баштады. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. «Алина Бекжанова аттуу кыз биздин илбирске 9 килограмм эт алып келип берди. Суукта бул белекти жөө алып келиптир», - деп жазган фонддун өкүлдөрү социалдык тармактагы баракчасына. Мындан тышкары жарандар ак илбирске жардам катары «Бугу эненин» электрондук капчыгына акча которуп жатышат. 

Буга чейин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери ак илбирсти аталган борборго өткөрүп беришкен. Жаныбарды Жаабарс деп аташкан болчу. «Бугу эне» реабилитациялык борбору Бишкек шаарынын четинде жайгашкан. 

Эске салсак, 9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болгон ак илбирс табылган. Жаныбарга ок атылганы аныкталган. Адистер өмүрүнө коркунуч жаратып турган 18 окту алышкан. Ал эми милиция менен экологдор ак илбирсти аткандарды издөөнү улантып жатышат.

Новости по дате