http://www.ktrk.kg/Кыргызстан, Казакстан, Кытай чектешкен аймактарда жер титиреди

Кыргызстан, Казакстан, Кытай чектешкен аймактарда жер титиреди

20 Янв , 11:20 428

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан, Казакстан, Кытай чектешкен аймакта жер силкинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-январда Кытайда очогунда 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал эми Кыргызстандын Нарын, Ат-Башы, Алай райондорундагы Нура айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 - 3 баллга жеткен.

Казакстандын маалымдоо каражаттары Сейсмология станциясына таянып, 19-январда кечки саат жетилер чамасында жер титирегенин кабарлады. Силкинүүнүн очогу Алматы шаарынын түштүгүндөгү Кытай менен чектешкен аймакта болгону айтылат. Алматы шаарында силкинүүнүн күчү 3-4 баллга жетти.

Новости по дате