http://www.ktrk.kg/Коронавирустан жабыркагандардын саны арбыды

Коронавирустан жабыркагандардын саны арбыды

21 Янв , 10:22 951

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өпкө оорусунун коронавирус түрүнө чалдыккан факт Түштүк Корея менен Тайвандан катталды. Өлкөнүн жергиликтүү басылмалары бул илдет Кытайдан жайылышы мүмкүңдүгүн жарыялашууда. 

Эске сала кетсек, коронавирустун алгачкы белгилери биринчи жолу Кытайдын Ухань шаарында байкалган. Бүгүнкү күндө, Кытайда мындай илдетке чалдыккандардын саны 300дөн ашты, арасында каза тапкандары бар. Дарыгерлер бул оору жугуштуу эмес экендигин билдирип, болгону дарттын белгилери байкалары менен ооруканага кайрылуу зарылдыгын эскертишүүдө. 

Айрыкча Кытай, Түштүк Корея жана Тайванга барып келген жарандар бир сыйра дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп коюшу керек деп кеңеш беришет. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Новости по дате