http://www.ktrk.kg/«Манас» эл аралык аэропортунун иштөө убактысы өзгөрөт

«Манас» эл аралык аэропортунун иштөө убактысы өзгөрөт

24 Янв , 11:32 151

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаз айынан тарта «Манас» эл аралык аэропортунун иштөө убактысы өзгөрөт. Бул тууралуу аба майдандын басма сөз кызматынын башчысы Алия Курбанова билдирди. Жыл сайын оңдоо иштери өткөрүлөт. Быйыл 13-апрелден 30-октябрга чейин аба майдандын учуу-конуу тилкелери, учак токтоочу жерлер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. 

Жарандарга ыңгайсыздык жаратпоо үчүн ремонт иштери дүйшөнбү, шаршенби, жума жана ишемби күндөрү кечки саат сегизден түнкү үчкө чейин болот. Оңдоо иштерин «Манас» аэропорту өзү каржылайт.

Новости по дате