http://www.ktrk.kg/ИИМ: коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан жаран кармалды

ИИМ: коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан жаран кармалды

30 Янв , 15:37 1666

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

«Кыргызстанда коронавирус катталды» деген чагымчыл материалдарды WhatsApp жана башка соцтармактар аркылуу таратып жүргөн жаран кармалды. Ал Орусияда жашап, иштеп жүргөн Ош облусунун Ноокат районунун тургуну экенин Ички иштер министрлиги кабарлады. ИИМ өкүлдөрү Мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракет көрүү боюнча кызматы менен биргеликте иликтөө жүргүзүшкөн. 

Жыйынтыгында жалган маалымат тараткан кыргызстандык Москвада кампалардын биринде иштээри белгилүү болду. Ага туура эмес маалымат таратканы үчүн жазага тартылары эскертилди. Жалган маалыматтарды тараткан жаран күнөөсүн моюнуна алып, материалдарды интернет булактарынан алганын билдирген. 

Эскерте кетсек, коомчулукту кооптондурган «коронавирус Кыргызстанда катталды» деген билдирүүлөр WhatsApp жана социалдык түйүндөр аркылуу тарап, ИИМ мындай жалган маалыматка ишенбөөгө чакырган эле.

Новости по дате