http://www.ktrk.kg/Балдарды коргоо жылын эл аралык уюмдар да колдоого алды

Балдарды коргоо жылын эл аралык уюмдар да колдоого алды

30 Янв , 20:49 852

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жана «Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыктын өзөктүү багыттарын балдар менен иш алып барган эл аралык уюмдар да колдойт. Балдардын жашоосун жакшыртуу , зордук-зомбулуксуз өстүрүү багытында кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.


Балдарга өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын балдардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюмдар да колдоодо. Алсак, ЮНИСЕФ бул багытта жигердүү жана конструктивдүү иштерди улантууга даяр .

Ал эми ЮСАИД уюму быйыл балдар үчүн 1 жарым миллионго чукул илимий, адабий жана жомок китептерди чыгарып, мектептерге берүүнү максат кылышууда. Ошондой эле балдарды китеп окууга кызыктыруу боюнча мугалимдерге да заманбап ыкмаларды үйрөтүшүүдө.


Балдарды төрөлгөндөн туура тарбиялап, мээримдүүлүк менен чоңойтуш керек. Алардын өнүгүүсүнө ар убак шарт түзүп туруу зарыл, - дейт адистер. Буга чейин балдардын өнүгүүсүн жакшыртуу, туура тарбия берүү багытындагы маанилүү кеңештерди камтыган китептер жарык көрсө, эми интернет аянтчасы түзүлдү. “Үчтөн кийин кеч” хэштегин ачып, дүйнөдөгү мыкты адистердин, психологдордун тастыкталып далилденген пайдалуу кеңештерин үйдө отуруп эле укса болот.

Новости по дате