http://www.ktrk.kg/"Мыйзам" мобилдик тиркемеси иштелип чыкты

"Мыйзам" мобилдик тиркемеси иштелип чыкты

31 Янв , 10:26 1737

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Юстиция министрлиги "Мыйзам" мобилдик тиркемесин иштеп чыкты. Бул тууралуу маалымат жыйында айтылды. Эми каалоочулар уюлдук телефондон тиркемени көчүрүп алып, коомдук талкууга чыккан мыйзамдын долбоорлору менен таанышып, ой- пикир калтыра алат.

Ошондой эле юридикалык жактарды онлайн каттоо долбоорун пилоттук режимде Бишкек менен Чүй облусунда иштеп жатканы белгилүү болду.

Эми 2020- жылы Юстиция министрлиги санариптештирүү системасын колдонууну өркүндөтөт.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Новости по дате