http://www.ktrk.kg/Февраль айы жылуу болот

Февраль айы жылуу болот

4 Фев , 9:51 1358

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Февраль айында күн жылуу болуп, жаан-чачындын көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт. Синоптиктердин айтымында, айдын аягында абанын күндүзгү температурасы 8-13 градуска чейин жылыйт. 

Мындай аба ырайы тоолуу жолдордо кар көчкүнүн түшүшүн шарттайт. Андыктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга жолдо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет. Ал эми айрым шаар тургундары 2-3 жылдан бери Бишкек шаарында кыш жеңил өтүп, жылуу болуп жатканын транспорттун көбөйүшү жана андан чыккан иске байланыштырышууда. 

Раткан Асанова, "Биринчи радио"

Новости по дате