http://www.ktrk.kg/Кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктар талкууланат

Кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктар талкууланат

6 Фев , 9:46 296

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан менен Казакстандын тийиштүү мамлекеттик мекемелери, чек арада  оор жүк ташуучу авто унааларга жаралып жаткан тоскоолдуктарды талкуулайт.  Мындай чечим 31- январда Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда кабыл алынган.

Белгилей кетсек, премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Биримдиктин ичинде товардын эркин айлануусуна тоскоолдуктар жаралып жатканына тынчсыздануусун билдирип, кайсы беренелер бузулуп жатканын так атаган болчу.

Эске салсак, январь айында Ак-Тилек өткөрмө бекетинде жүк ташыган авто унаалардын узун кезеги түзүлүп, бир нече күнгө чейин ишкерлерге кыйынчылык жаралып турган.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Новости по дате