http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда коронавируска кабылгандар катталган жок

Кыргызстанда коронавируска кабылгандар катталган жок

7 Фев , 10:16 497

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда коронавирустун учуру катталган жок. Республикада эпидемилогиялык абал туруктуу. Жаңы вируска байланыштуу, эл көп каттаган аба майдан менен чек ара бекеттери  күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Аймактык ооруканаларда коргоочу каражаттардын запастары бар жана атайын палаталар даярдалган. 

Үй-бүлөлүк дарыгерлер оорунун алдын-алуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал арада Баткен облусунда коронавируска шектелип эки кишинин ооруканага  жаткандыгы тууралуу маалымат тарап, саламаттык сактооо министрлиги бул маалыматты четке какты.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"

Новости по дате