http://www.ktrk.kg/Түркиянын  Ван провинциясында  эки ирет түшкөн кар көчкү  39 кишинин өмүрүн алды

Түркиянын Ван провинциясында эки ирет түшкөн кар көчкү 39 кишинин өмүрүн алды

7 Фев , 11:04 275

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Түркиянын чыгышындагы Ван провинциясында эки ирет кар көчкү түшүп, кырсыктан 39 киши каза тапты. Дагы 84 адам жаракат алганын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалыгы кабарлады.

Эске салсак, 4-февралда Ван провинциясындагы Бахчесарай районунда кар көчкү түшүп, кичи автобусту басып калган. Эртеси кайрадан беш унаанын үстүнө көчкү түшкөн. 

Жергиликтүү бийлик ал унаалардын ичинде 50 куткаруучу болгонун билдирип, каргашалуу окуя алар жеринде иштеп жатканда болгонун маалымдады. 

Мекеме көчкү түшкөн аймакта кооптуулукту азайтуу үчүн жардыруу иштери жүргүзүлгөнүн билдирген. Учурда издөө иштери менен 180 куткаруучу алектенип жатат. Жалпысынан 23 атайын техника тартылды.


Новости по дате