http://www.ktrk.kg/Декларация тапшыруу эрежесине 1-февралдан тарта өзгөртүү кирди

Декларация тапшыруу эрежесине 1-февралдан тарта өзгөртүү кирди

7 Фев , 11:20 356

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-февралдан тарта декларация тапшыруунун эрежесине өзгөртүү кирди. Кагаздарды толтурууга келгенде декларациянын мурдагы формасы өзгөрүүсүз эле калып, мүлк жана жер салыгын тапшырууга байланышкан кошумча алты тиркеме кошулду. Салык кызматы мындай өзгөртүүнү элден салыкты көбүрөөк чогултуу максатында эмес, бул тармактагы эсеп-чоту так болушу үчүн киргизип жатканын билдирүүдө. Бул туурасында кезектеги сюжетте.

Тактап койчу нерсе декларациянын мурда тапшырылып келген формасы кандай болсо ошол бойдон калды.
Бир гана мүлк салыгы менен жер салыгын төлөөгө келгенде, салык кызматына ал тууралуу алдын ала так маалымдап коюшу керек болот. Мындай талап декларация тапшырган адамга тоскоолдук жаратпайт. Муну жөнгө сала турган тиркемелер декларациянын формасына кошумча барак катары гана кошулду.

Өкмөттүн 23-январда чыккан №25 токтомуна ылайык декларация тапшырууга кирген өзгөртүү биринчиден жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөйт. Экинчиден салык кызматтарынын эсеп-чоту дагы так болушу үчүн жасалды.




Новости по дате