http://www.ktrk.kg/Кыргызстандын шаарларына экологиялык мониторинг аппараттары орнотулат

Кыргызстандын шаарларына экологиялык мониторинг аппараттары орнотулат

10 Фев , 9:56 932

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын 11 шаарында экологиялык мониторинг аппараттарын орнотуу пландалууда. Бул тууралуу «Экологиялык чечимдер институту» коомдук фонду билдирди. 

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча коомдук көзөмөл тармагы түзүлүп, AirVisual менен биргеликте 11 шаарда, алардын ичинде Кант, Кара-Балта, Чолпон-Атанын абасына байкоо салынат. Алынган маалыматтар дүйнөлүк картада көрсөтүлүп, жыл жыйынтыгына кошууга мүмкүн болот. 

Андан тышкары, фонд жер үстүндөгү суунун сапатына байкоо жүргүзөт. Учурда 18 көрсөткүч боюнча иликтеп чыгууга ылайыкташкан жабдуулар бар.

Новости по дате