http://www.ktrk.kg/Австралияда эл коопсуз аймактарга көчүрүлүүдө

Австралияда эл коопсуз аймактарга көчүрүлүүдө

10 Фев , 15:57 245

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Австралияда жаан-чачын күч алып, эл коопсуз аймактарга көчүрүлүүдө. Аймакта 60тан ашуун мектеп жабылып, 159 миң үй жарыксыз калган. Сиднейдин батыш жагында жана Жаңы Түштүк Уэльс штатынын жээктеринде тынымсыз жааган жаандан, катуу шамалдан жана суу каптоолордон улам жашоочуларды алып чыгуу жарыяланган. Бул тууралуу аймактын авариялык кызматы өзүнүн Твиттердеги баракчасына билдирген. 

Авариялык кызмат Иллавар көлүнө жакын жайгашкан тургундарды көтөрүлгөн суудан коргонуу үчүн үйлөрүнөн чыгып кетүүгө даяр болуусун өтүндү. Көтөрүлгөн суу коркунучунда бир нече калктуу пунктар калышты. Коммуналдык кызматтардын маалыматына караганда 87 миң үй жарыксыз отурат. Жергиликтүү бийлик жарандарды жумушка чыкпоосун суранган. Жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандар тууралуу маалыматтар түшө элек.


Новости по дате