http://www.ktrk.kg/Коронавирус качан токтошу мүмкүндүгү белгилүү болду

Коронавирус качан токтошу мүмкүндүгү белгилүү болду

13 Фев , 9:45 1030

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирустун күчөгөн маалы апрелде токтошу мүмкүндүгүн дарыгерлер айтууда.

Австриядан  учуп чыккан учкуч Стамбулга эс учун жоготкон абалда конду.

Суу менен жүргөн дүйнөдөгү алгачкы яхтаны Билл Гейтс  сатып алды.


Кытайдан чыккан коронавирустун күчөгөн маалы февраль айына туш келет. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик атайын эскперттик комитеттин башчысы, пульмонолог, эпидемиолог Чжун Наньшандын айтканына таянып жазып чыкты."Коронавирустун күчөгөн маалы болжолдуу түрдө апрель айында токтооруна үмүт кылам", - деген ал. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.


Иокогама шаарындагы «Diamond Princess» круиздик кемесинде жаңы вирус жуктурган 39 адам катталды. Жүргүнчүлөр жана экипаждын мүчөлөрү болуп жаңы вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 174 адамга жеткенин Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазды.Мындан сырткары борттун ичиндеги жарандарды текшерип жүргөн карантин кызматынын кызматкери дагы вирус жуктуруп алганы аныкталды.Саламаттыкты сактоо министри Канцунобу Катонун айтымында, ооруканага жаткырылган бейтаптардын ичинен төртөөнүн абалы оор. Алар интенсивдик терапия бөлүмүндө жасалма жол менен дем алуу аппараттарына туташтырылган. Маалыматка ылайык, 3 бейтап Япониянын жараны.«Diamond Princes» лайнери 20-январда эки жумалык круизге Иокогама шаарынан Кагосима—Гонконг—Окинав каттамы менен кетишкен. Кийинчээрек жүргүнчүлөрдүн бири Гонконгго келгенде коронавирус жуктуруп алганганы билинген.Бортто жалпы 3700 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү бар болчу. Карантин 20-февралга чейин жарыяланып, бирок ал узартылышы мүмкүн. «Princess Cruises» круиз компаниясы бардык жүргүнчүлөргө компенсация төлөп берерин расмий сайтында жарыялаган.


Австриянын Вена шаарынан учуп чыккан учкуч Стамбулга эс учун жоготкон абалда конду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты."Pegasus" авиакомпаниясына таандык Boeing 737 учагы Австриянын борбору Вена шаарынан Стамбулга учуп чыккан. Учкуч Сабиха Гөкчен эл аралык аэропортуна конуу алдында эс-учун жоготкон. Экинчи учкуч бул тууралуу өзгөчө кырдаал жарыялап, учакты өз алдынча жерге кондурган. Учкучту дароо "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Дарыгерлер анын абалы канааттандырарлык экенин айтышкан.


Британиялык Уолтем Кросс шаарынын жашоочусунун курсагынан 6 килограмм шишикти алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.22 жаштагы Кэти Холмс 2016-жылы сентябрь айында кусуп, ичи катуу ооруп, ооруканага кайрылган. Дарыгерлер аны гастроэнтерит б.а. ичегинин шамалдашы болушу мүмкүн деп, дары жазып беришкен.

"Мен ар  эки апта сайын ооруканага бирдей эле оору менен кайрылып жүрдүм. Дарыгерлер мага ар кандай  дарыларды жазып берип жатышты. Бирок бири да жардам берген жок", - деген Кэти. 3 ажумадан кийин анын башы катуу ооруп, алсырап баштаган. Ага кошумча курсагы да чыгып калган. Кэти курсагынан улам өзүн кош бойлуу экенмин деп жүрө берген. Декабрь айында ичи чыдатпай ооруп, ооруканага келгенде дарыгерлер УЗИге тартып көрүшүп, 6 килограммдык шишик бар экенин аныкташкан. 2017-жылы январь айында ага операция жасалып, шишик менен кошо бир энелик жумурткасын алып салышкан. Бактыга жараша, рак клеткалары башка органдарга жайыла элек болуп, Кэти учурда толук кандуу жашоого кайтып келген. Жадакалса ал жакында кыздуу болгону айтылат.


Суу менен жүргөн дүйнөдөгү алгачкы яхтаны Билл Гейтс сатып алды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты. Aqua яхтасы сыртынан башкаларга эле окшош, 14 конокко жана экипаждын 30 мүчөсүнө чакталган. Анда бассейн, машыгуу залы, спа-борбор, ашкана жана тик учак үчүн аянт дагы бар.Башкы өзгөчөлүгү – 28 тонна суюк суу кычкылтеги бата турган резервуар орнотулган. Суу кемесин Билл Гейтс 640 миллион долларга сатып алды, ал деңизге 2024-жылы чыгарылат.

Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”

Новости по дате