http://www.ktrk.kg/ Араван районунун Жаштык айылындагы элди түйшөлткөн электр көйгөйү

Араван районунун Жаштык айылындагы элди түйшөлткөн электр көйгөйү

13 Фев , 17:18 280

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Жаштык айылындагы негизги көйгөй электрди ар бир үйгө жеткирүү. Аталган айылдагы трансформаторлордун электр кубаттуулугу үйлөрдүн санына, керектелүүчү электрге ылайык келбейт.

"15 түтүнгө ылайыкталган трансформаторго 50дөн ашык үй туташтырылган. Айылдагы бош жерлер үй куруу учүн берилип, курулган жеке менчик турак жайлардын көбүндө электр жок. Эл өз аракеттери менен зым тартып, электрге илинүүнүн аракетин көрүшүүдө. Жер тилкесин берерден мурун, жооптуу адамдар ушундай электр, көчө сыяктуу маселелерин чечишсе жакшы болмок. Себеби, эл өз күч менен колго жасалган карагайларды орнотуп, зым тартышууда. Мында коопсуздук жагы эч каралган эмес",- дейт тасма жөнөткөн автор. 

Бул айылда төрт жүздөн ашык жер тилкеси берилип, бир да электр столбасы коюлган эмес. Ошондой эле конуштун тургундары үчүн жол маселеси да чечилбей келет. Карапайым эл электрди чечип берсе, жолду өздөрү оңдоп алууга даяр.   


Новости по дате