http://www.ktrk.kg/Бизнеске ыңгайлуу шарттар түзүлөт

Бизнеске ыңгайлуу шарттар түзүлөт

13 Фев , 22:01 359

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин экинчи жыйынында берилген тапшырмаларга ылайык тапшырмалар мүчөлөр тарабынан да ыкчам колго алынат. Бул тууралуу комитеттин төрагасынын орун басары Аскар Сыдыков биздин каналга билдирди. Айтымында мыйзамдарга талдоо жасалып, сунуштарды иштеп чыгуу каралууда. Ошол эле учурда коюлган тапшырмалардын аткарылышына такай мониторинг жүргүзүлүп турат.



Кыргызстандын балык чарба ассоциациясы менен кошо ишкер катары өзүнүн үнүн да мамлекет башчыга түз жеткирген Ренад Досаевдин негизсиз текшерүүлөр боюнча өтүнүчү эми кароого алынат. Ал өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин мүчөсү дагы. Ишкердин чарбасына эле жарым жылда 20 жолу текшерүү келген. Азыр өлкөдө балык өстүргөн 300гө жакын чарба бар. Алардын катарында өзү да балык өстүрүп, икраны сыртка экспорттогону баштаганы турат. Бирок укук коргоо жана фискалдык органдардын негизсиз текшерүүлөрү бул демилгелерди артка тартууда.


Болбосо быйыл ишкер алгачкы жолу өлкөдө балыктын икрасын өндүрө баштады. Азыр чарбасында 35 миңдей балык болсо бара-бара 100 миңге чейин жетери болжолдонууда. Аны менен бирге жакынкы келечекте икраны өндүрүү жылына 5-6 тоннага чейин чыгат. Эң башкысы атамекендик азыкка суроо талап жогору. Кара икраны Россия, Казакстан, Кытайдын ишкерлери импорттоого даяр.

Ренад Досаев сыяктуу укук коргоо жана фискалдык органдардын жөнсүз текшерүүлөрү болбосо бизнесин илгерилетип, ак ниет иштейм деген ишкерлер арбын. Мындан улам бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү Мамлекет башчыдан эгер текшерүүгө негиз боло турган жагдайлар жок болсо текшерүү жүргүзүүгө уруксат берилбесе деген сунуштарын беришти.

Ишкерлердин айтымында Кодекстерге ылайык кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ишкердикке байланыштуу каттоого алынган арыздарга укук коргоо жана фискалдык органдар ага байланыштуу иш алып барууга милдеттүү. Бирок жыл башында ишкерлерди мерчемделгенден тышкары текшерүүгө мораторий жарыяланган. Ошол себептүү тиешелүү органдар тарабынан текшерүүлөрдүн саны кескин азайды.



Новости по дате